Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Аял-эркектердин бири-бирине болгон ашыктык, берилип жакшы көргөндүк сезими. Сүйүүнүн оту – өчпөс от, Өлгөнчө менмин сеники (Токомбаев). Күйөөсүнө калганда келиндин сүйүүсү тунук (Сыдыкбеков). Өлүмдөн го кача албасмын, аның чын, Сүйүүдөн да качып кайда кутулам (Чотурова). 2. Жакшы көргөндүк, кадырлагандык, урматтагандык, берилгендик. Сансыз айланадагы табияттын көрүнүшүн өтө суктануу жана сүйүү менен карады (Жантөшев). Бир максатташ элдерге Мээримдүү жаздай сүйүүң бар (Осмонкул).